Ырчы Маша Распутинанын кызы бар экени, анын 10 жылдан бери психоневралогиялык ооруканада жатканы сыр болуп келген. Бирок бул жаңылык азыр коомчулукту дүрбөтүп жаткан кези.
Оорукчан кызынан Распутина кол үзүп койгон. Ал эми атасы белгилүү продюсер Владимир Ермаков да бул жылдары кызы бар экенин эстеп койгон эмес. Учурда 28 жаштагы Лида маалымат каражаттары аркылуу ата-энесине кайрылып, ооруканадан чыгарып кетишин суранууда.