Бекбоевдердин үй-бүлөсүнүн эки жарым айлык гастролдору аягына чыкты. Башкача айтканда, Жаңыл, Токтор Бекбоевдер менен кызы Бегимай Орусиянын 18 шаарына өз өнөрлөрүн тартуулап кайтышты. “Концерттерибиз мыкты деңгээлде өтүп жатты” деп көңүлдөрү ток келген чыгармачыл үй-бүлө “14-февралдан баштап жер-жерлерди түрө кыдырып ыр-күлкү тартуулаганы турабыз” деп билдиришти. Сыягы, эки күн эмес, эки айлап концерт койгону менен, капчыктары кампайбай калган окшойт.