Ырчы Назира Токоновага Мээрим Мураталиеванын “жигити” жагып калып, аны сурап алды. Башкача айтканда, Мээримдин репертуарында жигиттер жөнүндө төрт музыкалык чыгарма бар. Анын бирөөсүн Назира Токонова ырдап чыкмай болду. “Жигиттин гүлү” деген аталыштагы ырды эми Назиранын аткаруусунда угуп калат экенбиз.