Сүйүү күнүнө карата уюштурулган “КардиоХит” концерти 14-февраль күнү өтөт. Аты айтып тургандай, бул күн сүйүшкөндөр үчүн көңүл ачууга ылайыктуу. Анткени ар кандай кызыктар коштолуп, буга чейин биз көрө элек дуэттер жана уга элек ырлар жаңырат экен. Ошондой эле оюндар уюштурулуп, жеңип чыккан 5 түгөй ресторандардын бирине Лимузин менен барып, романтикалык кече өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
“КардиоХиттин” жүрүшүндө атайын күтүүсүз эффекттер жүрөк жарылчу абалга алып келиши мүмкүн. Бирок чочулабаңыз, бул кеченин жүрөк дарылачу “башкы дарыгерлери” бар. Алар – Нурзат Токтосунова жана Аслан Адилбеков. Учурда “Тумар” радиосунда билеттер ойнотулууда.