Ырчы Зари Москвада болсо да, чыгармачылыгын жергебизде өркүндөтүп келе жатканына күбөбүз. Учурда бул таланттуу кыз Москва финансы-өнөр жай академиясын аяктоо алдында турат. Андыктан колу диплом жазуу иштеринен бошобой жаткан кези. Окуусун ийгиликтүү бүтүрүп алып, биротоло Кыргызстанга келерин да айтпасак болбос. Эми эки буту эки жакта болбой, мекенибизде гана кызмат кылат деп ишенели.