ЭРКИН ЭГЕМБЕРДИЕВ «ДЕМДЕН» КЕТЕБИ?

“Дем” театрынын актёру Эркин Эгембердиев өз кесибин улай ырчылыкка да кадам таштады көрүнөт. Жакында эле Баха аттуу рэпер экөө тамашалуу, бирок өтө курч сөздөр менен жазылган ыр жаратышты. Ырда журналист менен жылдыз болуп кеткен адамдын баарлашуусун таамай чагылдырышкан. Дал ошол жылдыз болуп кеткен адамдын образын актёр жараткан. “Эми ырчы болуп кетесизби?” деген сурообузга “жок, болгону, көрүп турган көрүнүштөрдү ырдап чыкпай коё албадым” деп жооп берди. Ал гана эмес, ырга клип да тартууну пландашууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан