Съездбек Искеналиев жерин тарттырып жиберүү коркунучундабы, айтор, “Менин жерим” деген кафе ачып жатыптыр. Кафеси кайсы жакта экендигин ырчы азырынча сыр кылат, бирок Бишкек шаарынан ижарага алып иштете тургандыгын билдик. Ал гана эмес, ушундай эле аталыштагы альбом да чыгарып, анын бет ачары Нооруз күнү театрлаштырылган концерт менен коштолот экен.
Ушундай патриот мырзалар көп болсун!