Бир бүркүм... «ШЛЯПАЧАН АЙЫМ» 16 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ...

  • Өкмөт фермерлерге насыя берүү үчүн 4 коммерциялык: “Айыл Банк”, “Кыргызстан”, “Азия Банкы” жана “РСК Банкты” тандап алды.
  • “Манас” эпосу боюнча маселени кароо үчүн ЮНЕСКО эки тараптуу комиссия түзүүгө даяр экендигин депутат Карганбек Самаков айтты.
  • Өлкөнүн 340 миң жакыр үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан бекер ун таратылат.
  • “Азия Курулуш” ЖЧКсынын башкы директору, “шляпачан айым” атагына конгон Адина Турдубаева 16 жылга эркинен ажыратылды. Эскерте кетсек, ага карата 100гө жакын кылмыш иши козголгон.
  • “Бишкек шаар башчысынын айлыгы 17 миң сом деп баш калаанын мэри Иса Өмүркулов билдирди.
  • 12-13-февралда Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн кол өнөрчүлүгү боюнча жарманке өтөт.
  • Бишкекте 339 көчөнүн аталышы жок, анын ичинен көбү жаңы конуштарда жайгашкан.
  • ЖКнын жаңы депутаттары КСДПдан Мурадыл Мадеминов жана “Ата Журттан” Хажимурат Коркмазов БШК тарабынан каттоодон өтүштү.
  • Парламенттик үгүт учурунда “Республика” партиясынын басма сөз кызматын жетектеген Кубат Болоткан уулу “Учкун” ААКсынын башкы директору болуп дайындалды.
  • Акыркы 40 күндүн ичинде уюшкан кылмыш тобунун 31 мүчөсү ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалды.
  • Быйылкы жылы орточо айлык акы 8,5 миң сомду түзөрүн Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев айтты.
  • 10-январь күнү “Ош базарында” иштеген соодагерлер Ак үйдүн алдында нааразычылык акция өткөрүштү.
  • Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине Кубанычбек Таабалдиев жетекчи болуп дайындалды.
  • 9-февралда Египеттен 122 кыргызстандык жаран учуп келди. Аталган өлкөдө январь айында башталган элдик толкундоолор аягына чыга элек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан