«КЫЗЫМДЫ КАЙНАГАСЫ СОЙКУЛУККА САТЫП...»

“Мен учурда күн сайын кан какшап ыйлап, сай-сөөгү зыркырап, муң-зары түгөнбөй жүргөн энелердин биримин. Анткени, бир жылдан бери тун кызым Айжандан дайын жок.
Мындан үч жыл мурун Айжан сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыккан болчу. Экөө очор-бачар үйбүлөгө айланып, кыздуу болушкандан кийин чет өлкөдө иштеген кайнагасы келет. Ал “келиним түрк тилин билет экен, жумуш таап берем, иштеп, акча таап келсин” деп кызымды Түркияга алдап алпарган соң сулуулугунан пайдаланып сойкулукка сатып жибериптир. Көрбөгөн кордукту көрүп жүрүп кызым акыры бир түрккө турмушка чыгып, анын жардамы менен бизге кат жөнөткөн экен”,- деп Бүбүкан эне сөзүн андан ары улады...

ххх

Жолдошум дагы, мен дагы нарындыкмын. Үйлөнгөндөн бери Нарын шаарында турабыз. Балдарыбыздын улуусу – кызым Айжан. “Элден кем кылбай окуталы” деп атасы экөөбүз мектепти бүтөөрү менен Нарындагы жогорку окуу жайына өткөрдүк. Биринчи курста окуп жүргөн кезинен тартып эле түрк тилин өз алдынча окуп үйрөнүп алган. Айжан дал ошол окуу жайдын акыркы курсунда окуп жүргөндө Сардар аттуу жигит менен таанышкан болчу. Ошондо эле өзүн алдыда каргашалуу күндөр күтүп турганын билсе эмне... Эмесе, кызымдын окуясын бизге жазып жиберген катынан окуп-билгеним боюнча башынан баяндап берейин...

Үйлөнүүгө даярдык
– Эмне мынча карайсың мени? Биринчи жолу көрүп жаткансып…- дейт назданган Айжан жигитине жылмая.
– Сулуулугуңа суктанып бүтпөй жатам. Кудум аккуунун өзүндөйсүң. Бетиң аппак, көздөрүң ботонукундай, кашың карлыгачтын канатындай, мурдуң кырдач, моюнуң узун, чачың болсо…
– Ой, болду эми,- Сардардын сөзүн аягына чыгарбай бөлүп жиберет каткырган кыз,- Жөн койсо, тим эле ашыра мактайсың да.
– Чындыкты айтып жатам да, жа­ным. Баса, мен сага бир жаңылык айтайын дегем.
– Ии, кулак сенде.
– Ата-энеме үйлөнөөрүмдү билдирдим. Макул болушту. Тойго баары даяр. Буюрса, эртең көшөгөгө кирип, ак жоолук салынасың.
– Ай-ий! Эртеңби? Эмнеге мынчалык шашылыш?
– Туура эле болот го. Окууңду деги аяктадың. Анын үстүнө, сени жоготуп аламбы деп корком. Кокус бирөө алакачып кетсе…
Кыз саамга ойлоно түшүп, ортону жымжырттык каптай калат.
– Эмне болду сага? Унчукпай калганыңа караганда жаңылыгым жакпай калды окшойт, ээ?
– Жок, андай эмес. Мен макулмун. Бирок, ата-энең менин сенден үч жашка улуу экенимди билсе эмне дешээр экен?
– Кам санаба. Мен аларга “экөөбүз теңбиз” деп койгом. Үйлөнгөндөн кийин кайра бат эле шаарга келебиз. Өзүм окуумду уланта берем. Анан, Кудай буюрса, боюңа да бүтүп калаар.
Кыз жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөп эркелей кетет. Бул учурда экөөнүн сүйүүсү сүттөй таптаза, анан калса адам суктанаарлык эле.

Чет өлкөгө сапар
Сардар өзү айткандай, ошол күндүн эртеси колуктусун машина менен айылда жашаган ата-энесиникине алпарып, эл чакырып той өткөрөт. Молдо келип, нике кыйылат. Айжан өзүнүн көп жылдан бери Түркияда жашап да, иштеп да жүргөн кайнагасы бар экендигин ошол жактан билет. “Ал жакта эмне жумуш кылат?”- деген Айжандын суроосуна Сардар:
– Негизи, агам түрк жана англис тилдерин суудай билет. Андыктан, өзүнүн айтымында, түрк фирмаларында иштейт. Ал эми ал жерден эмне кызмат кылаары тууралуу так билбейбиз. Сурасак эмнегедир жашырып ачык айтпайт. Анын үстүнө, бизге эмне, акча-тыйын жагынан кор кылбай каралашып турса болду да. Апам менен атам ошого эле ыраазы. Мурунку эски үй-жайды бузуп, ордуна мына бул заңгыраган эки кабат үй, короо-жайдын баарын ушул агам салдырган. Бат-баттан акча салып турат. Кыскасы, эч нерседен кем эмеспиз. Атүгүл азыр менин окуумдун акысын төлөгөн да ушул Аскар агам,- дейт көкүрөгүн көтөрө сыймыктанып.
Той аяктагандан кийин эки жаш бир жумадай айылда жүрүшкөн соң Сардардын шаардагы үйүнө келишет. Өзүлөрүнчө түтүн булаткан жаш жубайлардын бири окууга кетсе, экинчиси аны керээли-кечке сагына күтүп дегендей, айтор, бактылуу күндөр биринин артынан бири өтө берет. Тез эле Айжандын боюна бүтүп, убакыт-сааты келгенде кыз төрөйт.
Кызына төрт-беш ай болуп калганда Түркиядан Сардардын баягы Аскар аттуу агасы келип, Айжанды өзү менен ала кетүүнү туура көрүп жатканын айтып калат:
– Сардар, сен го окууңду аякташың керек. Сага азырынча бөтөн жакка кетүүгө болбойт. Келинимди ала кетип, жакшы жумушка орноштуруп коёюн. Түрк тилин деги жакшы билет экен, кыйналбайт. Бул жакта минтип жүргөндө эмне?! Андан көрө аз убакыттын ичинде көп акча таап келсе, үстүңөргө үй алып аласыңар. Бала деги торолуп калыптыр. Айылга алпарып койсоңор, апам деле бага берет эмеспи. Ойлонуп көргүлө...
Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры акчага азгырылган Сардар “барып иштесең иштеп кел” деп Айжанды агасына кошуп жөнөтүп жиберүүнү эп көрөт.

Сойкулукка сатылуу
Түркияга баргандан кийин Ас­кар эмнегедир өз эшик-төрүн да көрсөтпөстөн, дасторконунан даам ооз тийгизбестен Айжанды түз эле бир түрк аялдын үйүнө алып барат. Алгач Айжан Аскарга жан-алы калбай жагалдана сүйлөп тосуп алган түрк аялдын сылык-сыпаалыгына чексиз ыраазы болот. «Көрсө, түрктөр деле меймандос келишет тура»,- дейт өзүнө өзү ичинен.
– Эми паспортуңду мага бер. Анткени, сени жумушка орноштуруунун камын көрүп, документтериңди эртерээк даярдай башташым керек. Ошондуктан, азыртадан эле менде болгону жакшы,- деп Аскар Айжандын паспортун алгандан кийин гана тигил түрк аялды тааныштыра кетет,- Бул бизге жардам берчү адам. Сени тааныштырып коёюн деп алып келдим. Баса, мен сыртка чыгып келе калайынчы?! Жумуштарым бар эле. Бир аздан соң келип калам. Сен сүйлөшүп отуруп тур.
– Макул. Ошентсе да, тезирээк келбесеңиз, бөтөн үйдө калуу мен үчүн ыңгайсыз.
– Албетте, тез эле келем. Бул айым мындан ары сенин келечегиңдин камын көрө турган адам экендигин айттым го. Демек, мен келгиче чочуркабай, бул үйдү өз үйүңдөй сезип, ээн-эркин отурушуң керек,- дейт Аскар мыйыгынан жылмая.
Бирок, Аскар ал күнү ошол чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбейт. Кечке чейин аны күтө берип чыдамы кеткен Айжанды түрк аял жагымдуу сөздөрү менен алаксыта баштайт. Аңгыча телефон аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшөт. Ошондон көп убакыт өтпөй эле эшик тыкылдап, салабаттуу көрүнгөн түрк жигити кирип келет. Ал “кайнагам эмне үчүн мынча кечигип жатат?” деп чоочун жерде, чоочун үйдө эси чыгып, эки жагын элеңдей карап отурган кыргыз келиндин ай чырайлуу жүзүнө суктана карап алат. Анын жагымсыз көз карашынан улам Айжандын дене бою «дүр-р..» этип, алда нерседен чочулагандай ичиркене түшөт. Анан тигил аял экөөнүн алда нерсе жөнүндө шыбырашып сүйлөшүп жатышканын, түрк жигит ага көп акча сунуп жатканын байкайт. Ушундан кийин гана аял Айжанды дасторконго чакырып, тигил жигит экөөнү түркүн тамак менен сыйлап кирет. Акырында: “Агаң эртең келет экен. Мага телефон чалып, жумуштары менен кармалып жатканын айтты. Кыскасы, эч кам санабай бүгүн меникинде түнөй бер”,- деп тынчтандырган соң өзүнчө бөлмөгө төшөк салып берип жаткырат. Аңгыча аркасынан жанагы эркек кирип келип, Айжанды бакыртып-өкүртө зордуктай баштайт.
– Сарда-а-ар!..- деп кыйкырат Айжан алыста калган сүйүктүүсү бир заматта жетип келип аңгинин алдынан сууруп алчудай болуп,- Коё бер деп жатам! Акмак! Тийбе мага! Эжеке-е-е!..
Укмаксанга салган аялдан ушинтип жардам сурап жалбарып, зордукчунун алдынан бошонууга жандалбастап канча аракет кылганы менен эч майнап чыкпайт ал түнү...
Кимге арызданаарын билбей буркураган келинди эртеси эртең менен дагы бир эркек келип, ой-боюна койбой машинасына салып алып кетип, апакай денесин тебелеп-тепсеп, каалашынча кумарга батат. Өзүнүн акчага сатылып кеткенин Айжан ошондо билип, кайнагасынын алдап кеткенин кеч түшүнөт. «Көрсө, менин паспортумду атайын алып, өзүмдү болсо талаага таштап туруп баса берген тура. Эмне эле «бул аял мындан ары келечегиңе кам көрөт» деп жатат десе... Ал сөзүнүн түпкү мааниси башкада экен го. Кыязы, мен үчүн түрк аялдан көп акча алса керек. Эми канттим? Өз келинине да ушундай мамиле кылабы? Кызык, Сардарга, кайынжуртума эмне деп шылтоо айтат болду экен? Же алар дагы ушундай болоорун күн мурунтан билип, өз ара сүйлөшүп алышканбы?» Дал ушинтип ар кайсы ойго чайналып, канчалык зар какшап ыйласа да, эч өзгөрүү болбойт. Бечара Айжан баягы түрк аял аркылуу ошол бойдон колдон-колго өтүп, бир канча ай көрбөгөн азапты көрөт. Кичинекей кызын, тун сүйүүсү болгон Сардарын, ата-энесин, мекенин эстеген сайын сай-сөөгү зыркырап, ботодой боздоп ыйлаганычы... Бирок, көкүрөгүндөгү кусалыгы, көргөн кордугу канчалык жүрөгүн оорутса да, эч айласы жок эле.

Экинчи күйөө
Ошондой күндөрдүн биринде бир түнгө сатып алмакчы болуп келген кайсы бир түрк жигит Айжандын бото көздөрүн, аруу жүзүн биринчи көргөндө эле чындап сүйүп калат. Натыйжасында, ортомчу аялга эсепсиз көп акча берип, Айжанды өз үйүнө биротоло алып кетет. Заңгыраган короо-жайына машина менен келип киргенден кийин гана өзүнүн кумарга батыш үчүн алып келбегенин, сүйүп калганын, мындан ары дайыма кам көргүсү келээрин айтып түшүндүрөт жигит. Албетте, ал учурда Айжан үчүн бул түшкө кирбеген нерсе болчу. Ошондуктанбы, ишенип-ишенээрин билбей жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөй солкулдап ыйлап жиберет.
Сойкулуктун сазынан сууруп чыккан боорукер адам ошол күндөн баштап Айжандын кареги менен тең айланып, тез эле жашоосун башка нукка бурат. Атүгүл ишеничине да кирип, сүйүктүүсүн бир канча убакыт мурун кайнагасы сойкулукка сатып жибергенин өз оозунан угуп билет. Айжан бир чети анын бул жакшылыгына ыраазы болсо, бир чети өзүн Кыргызстанда калган күйөөсү Сардардын алдында ыплас сезип, экинчи ага кайрылып бара албастыгын түшүнөт. Ошол себептен улам түрк жигиттин “үйлөнөлү” деген сунушуна аргасыз макул болот...

ххх

Ошентип, жогоруда баяндалгандардын баарын баракка тизмектеп жазып, акыры кызым күйөөсүнүн жардамы менен биздин дарекке кат жөнөтөт. Катында күйөөсү менен келип кетүүгө даярданып жатканын, кайынжуртуна барып кызын биротоло алып кетээрин да маалымдаган эле. Бирок, андан бери бир жылдай убакыт өттү. Ошол бойдон же кайра кат жазбай, же өзү айткандай эч болбосо бир келип көрүнүп кетпей дайынсыз болду да калды. Мүмкүн, шарты болбой жатабы же дагы бир кырсыкка туш болдубу, билбейм. Көрүнгөндү ойлой берип санааркап да бүттүм.
Сотко арызданып кайрылайын десем, кайынжурту “келинибиз бизди таштап, өз каалоосу менен түрккө турмушка чыгып кетти” деп актанышууда. Айтор, эмне кылаарымды билбей башым маң. Эмнеси болсо да кызымдын бир ооз сөзүн угуп, жүзүн бир ирет көрүп, сагынычымды таратсам кана, аттиң...

Даярдаган Астра Айдарова. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Pamirlan
2019-01-08 21:22:59
Ким билет тообаа,Кыздар Туркияга барбай эле койгулачы
0
taalay25
2019-01-09 03:30:26
Болгон окуяны жазгандай кылып анан неге чыгарма кылып таштадынар
+1
PeRa
2019-01-09 12:58:36
Орто кылымда жашап жаткансып кат жазганы кызык. Телефону жокпу? Азыр телефондон коп нерсе жок.
+3
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан