Учурда өкмөт бюджеттин таңсыктыгын толтура албай убара. Чыгашаны бекитүүнүн бир жолу болуп былтыркы жылы улутташтырылган 37 объектти сатыкка коюу саналат. Бул тууралуу Мамлекеттик менчик министри Нурдин Илебаев билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылы 47 объект улутташтырылган. Анын кээ бири мамлекеттин эсебинде калса, калганы сатылат. “Биз сатыктан 3,7 миллиард сом алууну күтүп турабыз. Анын ичинен эң чоң үлүш “Кыргызтелеком” ААКсынын мамлекеттик пакети болот”,- деди министр.