Энергетиканын экс-министри Сапарбек Балкыбеков Ирландияда Интерпол тарабынан кармалгандыгы белгилүү болуп, Башкы прокуратура аны экстрадициялоо боюнча кайрыларын айткан. Бирок жергиликтүү гезиттердин бири “экс-министр Ирландияда арал сатып алып, өлкөнүн чоң инвесторуна айлангандыктан, аны мекенине кайтарбай коюшу да ыктымал” деп жазып чыкты.
Балкыбековдун Салымбеков же Бабанов сыяктуу ишкердик менен байыганын уккан эмеспиз. Өкмөттүн айлыгына гана иштесе, кайдан арал алмак? Энергетика тармагын каалагандай калчап жүрүп, элдин жонунан топтогон байлыгына алды да.