АБАЙЛАҢЫЗ, ЧӨНТӨКЧҮ ЖҮРӨТ!

Түркүн окуяларга толгон биздин күндө түрдүү адамдар бар. Бири эртеден-кечке маңдайынан тер агыза иштеп, адал эмгеги менен күн көрсө, айрымдар калктын акчасын уурдап жан багышат. Калктын акчасын уурдагандар тууралуу кеп баштасак, балким, көпчүлүк “коррупциячылар экен” деп түшүнүшөөр. Бирок, биз коррупциячылар эмес, чөнтөкчүлөр туурасында изилдөө жүргүзүп көрдүк.

“БЕТИМДИ ЧӨНТӨКЧҮ ТИЛИП КЕТКЕН”
Алгач сапарыбызды “Дордой” базарынан баштадык. “Кокус акчаны уурдамакчы болушса, билектен шап кармап калаарбыз” деген илгери үмүт менен чөнтөгүбүзгө бир аз тыйынды учкайыраак салып, чөнтөкчүлөргө атайын тузак жайдык. Бул күнү чөнтөкчүлөр башка иштер менен алек беле, айтор, эки-үч сыйра кыдырып, акчабызды уурдата албай койдук. Акыры бут кийим саткан жерге келип, сатуучулар менен таанышып, чөнтөкчүлөр тууралуу сурамжылай баштадык. Алгач гезиттен келгенибизди угуп, көпчүлүк сатуучулар чөнтөкчүлөр тууралуу кеп салып берүүдөн баш тартышты. Ошентсе да, сурамжылап отуруп, алар ачык айтышпаганы менен чөнтөкчүлөрдөн чочулап турушаарын байкадык.
Бизди алгач кардар экен деп товарын мактап кирген бир эже өз башынан өткөн окуяны айтып берди. Аты Салима экен. “Бир ирет эңкейип бут кийим кийип көрүп жаткан кыздын чөнтөгүн бирөө аңтарып киргенин көрүп калдым. Ойлонбой туруп эле: “Ай, бала, эмне кылып жатасың?”- деп кыйкырып жибердим. Ал бала мени бир тиктеп алып качып кеткен. Жумуш бүткөн соң үйгө баратканымда төрт-беш бала мени жөөлөй түртүп кетишти. Жыгылып кеткенимди бир билем. Турсам үстү-башым чаң. Бетимен кан шорголоп жүрөт. Тигил жигиттер тызылдап качып жоголушуптур. Бул иш ошол чөнтөкчү баланын колунан келгенин билдим”. Салима эженин мындай баянын угуп турганыбызда чоң, кебетеси түрктөргө окшогон эки-үч аял бизди жөөлөй өтүп кетишкен. Бир аздан кийин баягы акчаны эстей калып эле карасак жок. Кыжы-кыйма элдин арасынан жанагы чоң аялдарды таппай калдык. Атайын тузак жайып отуруп алдырып жибергенибизге капа боло элди аралай тигил аялдарды издеп көрдүк. Таппаган соң “Ош базарын” көздөй сапар алдык.

КУРМАНДЫКТАРДЫ ҮЧ ТОПКО БӨЛҮШӨТ
“Ош базарында” чөнтөкчүлөр тууралуу сурамжылап жүрүп Кыяз (аты-жөнү өзгөртүлүп берилди) аттуу жаш сатуучуга жолугуп калдык. Кыяз бул базардагы чөнтөкчүлөр тууралуу бир топ маалымат айтып берди. Анткени, анын бир тааныш баласы чөнтөкчүлүк менен жан бакчу экен. “Чөнтөкчү болуу деле оор окшойт. Ошол таанышымдан улам алардын кесиптик сырларын анча-мынча билип калган жайым бар. Биринчиден, колуң аябай эптүү болуш керек экен. “Чөнтөкчүлөрдүн жалгыздап иштегени аз болот” дешет. Көпчүлүк учурда шериктер менен иштешет. Мындай ыкма алардын коопсуздугу үчүн ыңгайлуу көрүнөт. Топтун “шефтери” алгач көчөлөрдө кароосуз жүргөн балдарды байкап көрүп, өздөрүнө ылайыктуусун тандап алып, аларды атайын машыгуудан өткөрүшөт. Алгач чөнтөкчүлүктүн сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, анан ишке коё беришет. Биринчи тапкандарыңдын баарын “шефтерге” берет экенсиң. Бул сени үйрөткөндөрүнүн акысы. Алардын сабактары да өзүнчө укмуш. Мисалы, колду самындап алып, банкага салынган бир сомдукту алып чыгуудан башталат. Бул ыкманы качан гана эч тоскоолдуксуз бир сомду алып чыгып калганда токтотуп, экинчисине өтөсүң.
Экинчи этап – курал колдонуу. Кадимки эле лезвиени экиге бөлүп, сумкаларды билгизбей тилип, ичиндеги акчаны, капчыкты сууруп чыгууга, ошондой эле башы кайырмак болгон таякчаны колдонууну үйрөтүшөт. Мындай кайырмак уюлдук телелефондорду уурдоодо ыңгайлуу экен.
Ал эми эң негизги сабак – курмандыкты тандай билүү. Чөнтөкчүлөр аларды үч топко: “зелёный” (эң бай сатып алуучулар же чөнтөгү калың соодагерлер), “красный” (негизинен, күнүмдүк тиричилиги менен алек, орто капчыктуу сатып алуучулар), “копейки” (чөнтөгү жукараактар, мисалы, студенттер) деп бөлүшөт. Ушуга жараша чөнтөкчүлөрдүн арасында да атайын деңгээлдер бар экен. Мисалы, “зелёныйларды” өтө тажрыйбалуу жана “крышасы” барлар тейлешет. Ал эми “красныйларды” тоногондордо кокустук болуп кетсе, жогорудагы “зелёныйларды” куруткандар “крыша” болушат экен. “Копейкаларды”, негизинен, жаш балдар тоношот”.
Кыяздын айтуусуна караганда, чөнтөкчүлөрдүн баары бири-бирин жакшы таанышат. Булардын да өз алдынча мыйзамдары бар. Мисалы, тапкан акчасынын бир канча пайызын “шефтерине” беришет. Алардын тили менен айтканда, “чисткага” чыкканда сөзсүз үч адамдан кем эмес чыгышат. Мисалы, чөнтөктөн сууруп чыккан акчаны чөнтөкчү акырын алдыда кетип бара жаткан шеригине берет. Ал дагы бирине узатат. Бул системаны “маскировка” деп коюшат экен. Атүгүл чөнтөкчүлөрдүн “самындай сыйгалак, балыктай унчукпас” деген девизи да бар экен. Кыяздан мындай кызыктарды угуп, таңдана жолубузга түштүк. Бизге мындай кылмыштуулукту жоюу милдетин аркалап жүргөн адамдар менен пикирлешүү керек болуп турган. Андыктан, Ленин районунуна караштуу №7-милиция бөлүмчөсүнө кайрылдык.

ЧӨНТӨКЧҮЛӨРГӨ КАРАГАНДА УУРУЛАРДЫ КАРМАГАН ОҢОЙ
Бөлүмчөнүн кызматкерлери алгач “бош эмеспиз” деп бул маселе тууралуу кеп кылуудан качышты. Бирок: “Бүгүн сүйлөшүп көрсөк, көпчүлүк сатуучулар “милиция кызматкерлери чөнтөкчүлөр менен союздаш” деп айтып жатышты. Ушул чындыкпы?”- деген сурообузга жооп берүүгө аргасыз болушту. “Көпчүлүктүн арасында ар кандай кеп айтыла берет. Бири билип айтса, миңи билбей айта берет. Чынын айтканда, башка ууруларга караганда чөнтөкчүлөрдү кармоо кыйын. Көп учурда кармаганың менен далил жок болуп калат. Айрым учурда кармап алсак да, уурдаган акчасын акырын таштап жиберишет. Тинте келгенде эле жанында эч нерсе жок болуп чыгат. Мындайда айла жок коё берүүгө туура келет. Ошентсе да, мындай шылуундарды кылтакка илинтүүчү өзгөчө ыкмаларыбыз бар. Бирок, ал ыкмалар – кесиптик сыр”,- деп жооп беришти.

“БАЛБЫЛДАГАН КӨЗДӨРҮНӨ БАЙЛАНЫП, КАПЧЫГЫМДЫ АЛДЫРГАМ”
Эми биз ары-бери өткөндөрдөн “чөнтөкчүлөргө кабылдыңыз беле?” деген суроо менен кайрылып жаттык. Аида аттуу кыз мындай окуясы менен бөлүшө кетти...
Бир жолу маршруткага түшөөрү менен эле бир жакшынакай бала менен көздөрү чагылыша түшөт. Ал баланын жылмайып караган көз карашына жылмаюу менен жооп берип, анан жанына жабыша турганына деле каршы болбойт. Ошентип, тааныша да кетишет. Аида тигил балага телефон номерин да берет. Бирок, үйгө келип капчыгын таппай калат. “Ошол замат жанагы жигит көз алдыма келди. Калп эле жылмайымыш болуп, мени “жайлап” кеткенин түшүндүм. Бирок, анчалык деле капа болбодум. Анткени, абдан жылдыздуу жигит болчу”,- деп Аида бизди күлдүрүп, өзү да каткыра узап кетти.

“АЗЫР ЭЛЕ АКЧАМДЫ АЛДЫРДЫМ”
Эми биздин көңүлдү жанындагы аялга бирдемелерди жинденип айтып, балбалактап жаткан аял бурду. Көрсө, Наталия аттуу бул эже биз суроо салаардын астында эле 5 миң сомун уурдатып, ызаланып отурган экен. “Жанымда жакшынакай эле кыз турган. Бир көйнөктү кийип көрүп жатканымда сумкамдагы акчамды бүтүндөй шыпырып кетиптир,”- деп жинденип, чөнтөкчүлөрдү сөгүп жатты. Эжеге “милицияга кайрылып, арыз таштап коюңуз” деп кеңеш берип, өзүбүз базар аралап кеттик.

МЫНА САГА!
Кыркалата товарларга толтурулган базарды аралап жүрүп Жылдыз аттуу кыз менен тааныштык. Болгондо да өзгөчө жол менен. Биз астыбызда шашпай басып бараткан кыздын сумкасын атайлап эле акырын тартып койдук. Бурула калып бизди бир карап алып эле сумкасын аңтарып, текшерип кирди. Биз күлүп жибердик. Анан биздин чоо-жайыбызды билген соң мындай деп кеп салып берди: “Бир жолу мен 216-маршруткага түшүп калдым. Кичинекей баштыкчага бир аз акча, паспорт жана дагы бир керектүү документтеримди салып, аны чоң пакетке салып алгам. Бир аз жылгандан кийин эле жанымда турган кичинекей бала түшүп кетти. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей эле дароо пакетимди карасам, баягы баштыкчам жок. Кыйкырып эле ызы-чуу салып баштасам, айдоочу мени сооротуп кирди. Акыркы аялдамага келгенде ал мени “эртең ушул жерге кел, документтериңди таап берүүгө аракет кылам” деп кетирип жиберди. Эртеси болжошкон жерге келсем, баягы айдоочу документтеримди берип, бул окуяны унутуп коюшумду эскерте кетти. Ушундан улам кээбир маршрутка айдагандар чөнтөкчүлөр менен союздаш экен деген ойдо калдым”.
Ошентип, бир күн кечке көчөдө жүрүп чөнтөкчүлөр тууралуу маалымат чогулттук. Өзүңүздөр окуп күбө болгондой, чөнтөкчүлөрдүн “самындай сыйгалак” колдорунан бизди жеке өзүбүздүн кыраакылыгыбыз гана сактайт өңдүү. Андыктан, көчөгө чыкканда дайыма бир эрежени унутпай колдонуу керек. Акча дайыма капчыкка салынат. Капчык сумкага салынып, сумканын оозу бекилет. Базарларда, маршруткаларда сумканы ийинге илип албай, ылдый түшүрө сабынан кармап алуу керек. Анткени, чөнтөкчү эңилип алып сумканы тилип же аңтара албайт.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан