«ИРАНДАН ӨТӨБҮЗ ДЕП ИШЕНЕМ»

2010-жылдын мыкты футболчусу жана өлкөбүздүн олимпиадалык курама командасынын капитаны Азамат Байматов акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Анын айтымында, олимпиадалык курама командабыз 23-февраль күнү “Лондон-2012” олимпиадасына жолдомо үчүн Иран футболчулары менен беттешет. Оюн Тегеран шаарында өтөт. Ал эми экинчи оюн 9-март күнү Бишкек шаарынын “Спартак” стадионунда болот. “Ирандыктардын командасы күчтүү. Бирок жакшы оюн көргөзсөк, Ирандан өтөбүз деп ишенем”,- дейт Азамат.
Ал эми өзү тууралуу: “Украинанын “Таврия” командасы менен Түркияда сбордо болдум. Бул команда менен биргеликте орусиялык “Краснодар” командасы менен достук беттеш өткөрүп, башкы курамда оюн көрсөттүм. Ошол оюндан кийин Польша, Өзбекстан жана Орусия өлкөлөрүнөн сунуш түштү. Бирок агентим экөөбүз кеңешип, Украинада эле калмай болдум. Бул өлкөнүн бир командасы менен контракт 90 пайызга түзүлдү. Ирандагы оюндан кийин баары чечилет. Кайсы команда экени сыр бойдон турсун”,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан