Бүткүл аалам Сүйүү күнүн майрамдап жаткан 14-февраль күнү футбол тарыхындагы улуу чабуулчу, бразилиялык Роналдо футболдон кеткенин билдирди. Ошентип, №1-спорттун дагы бир легендасы бутсасын мыкка илди. 34 жаштагы Роналдо кетеринде: “Албетте, футболдо калгым келет, бирок кудуретим жетпей баратат. Менин мезгилим өттү. Атаң көрү, жөнөкөй эмес, керемет мезгилим өттү”,- деп күйөрмандарын жашытты.