Орустун айтылуу мушкери Фёдор Емельяненко 12-февраль күнү АКШнын Нью-Жерси шаарында кезектеги беттешин өткөрдү. Атаандашы Антонио Силва менен болгон мушташ 10 мүнөткө созулуп, Фёдор техникалык нокаут менен жеңилүү ызасын тартты. 10 жыл бою эрежесиз мушташ боюнча ааламды багындырып келген мушкер беттештен кийин эле карьерасы аяктаганын билдирди. “Акыркы император” деген атка конгон Емельяненконун доору бүттү көрүнөт.