АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

КАН УЗАТПАЙТ
9-февралда саат 23тө Чүй облустук оору­канасынын өлүкканасына оор жаракат алып каза болгон Лебединовка айылынын тургуну Н.Тнын сөөгү жеткирилген. Ал эми жандандыруу бөлүмүнө ошол эле айылдын тургуну Х.С. келип түшкөн. Бул кылмыштын изи сууй электе Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери шектүү жаранды кармашты. 30 жаштагы Т.С. учурда суракта.

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КУЛЧУЛУКТАН БОШОТУЛДУ
Казакстандын Алматы облусунун Карасай районунда кыргыз жаранын 3 жыл сексуалдык кулчулукта кармаган түгөйлөр кармалышты. Бул үй-бүлө бир нече жыл бою эки кызды кулчулукта кармап келишкен. Бирөөсүн (казак жаранын) 2004-жылы шаардын базарынан эле уурдап кетишкен. Ошол маалда ал 14 жашта экен. Ал эми экинчиси – кыргыз жараны сексуалдык кулчулукта 3 жыл болгон.
Үй-бүлөлүк түгөйлөр сутенёрдун ролун аткарышкан. Кыздарды кардарлардын телефон чалуулары аркылуу мейманканаларга алып барып турушкан же квартираларды ижарага алып, жашыруун сойкукана уюштурушкан. Кээде талаа жумуштарын кылганга мажбурлашкан.
Кыздарга качып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлүп, алар полицияга арыз жазышкан. Облустун уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы фактыны текшерип жатат. Кызыгы, кул кармоочунун бир тууганы былтыр ушундай эле кылмышы үчүн 12 жылга кесилген. Анда кулчулуктан Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын атуулдары бошотулган.

ПАРА АЛА КОЁМ ДЕП КОЛГО ТҮШТҮ
Мамлекеттик каржы полициясынын башкармалыгына К.О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Кемин райондук аскер комиссариатынын Максат аттуу бөлүм башчысы альтернативдүү кызмат өтөгөндүгү тууралуу аскер билетин берүүдө пара сурап жаткандыгы айтылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. 11-февралда Кемин райондук аскер комиссариатынын имаратынын жанынан 2800 сом пара алып жаткан жеринен аталган мекеменин 4-бөлүмүнүн башчысы К.М. кармалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

АКЧА ЖАСАГАНДАР КАРМАЛДЫ
13-февралда ИИМдин Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Түштүк аймагынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы ЦУМдун жанынан мурда соттолгон, 1985-жылы туулган Буед Араповду жасалма акчаларды өткөрүү убагында кармашкан. Андан 200 сомдук 40 купюра табылган. Ижарага алып иштетип жаткан фотосалонун тинткенде ал жактан да жасалма 200 сомдук 10 купюра жана ошол акчаларды жасоодо колдонушкан түстүү принтер, сканер жана флеш-карта чыккан.
Ошол эле күнү Ноокен районунун милиция кызматкерлери тарабынан Буед Араповдун бир тууганы Хайрулло да кармалган. Анын жанынан да жасалма 8200 сом табылган. Тергөө чаралары жүргүзүлүүдө.

101 билдирет

АЯЛ КУРМАН БОЛДУ
14-февралда саат 23:07де Ош шаарынын Солнечная көчөсүндө жайгашкан үйдөн электр жылыткычты туура эмес пайдалануунун айынан өрт чыккан. Мунун жыйынтыгында үй буюмдары жана үйдүн ички жасалгалары күйүп кеткен. Өрт өчүрүү убагында үйдүн ичинен иске ууланып каза болгон 38 жаштагы О.Исмаилованын денеси табылган. О.Исмаилова ал үйдө убактылуу жашап жаткан экен.

БАЛАҢА ШИРЕҢКЕ БЕРБЕ
11-февраль күнү саат 12:50дө Ноокат районунун Көк-Жар айылынын Кызыл-Кыя көчөсүндөгү Д.Зулпуевдин үйүнүн короосунан 5 жаштагы баланын от менен ойногонунан улам өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 тонна чөп, 1 куб отун күйүп кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан