ТYРКИЯДА 7 КYН

Таңкалдык...
1-КҮН. АНТАЛЬЯ, КЕМЕР, ЧАМЮВА МЕНЕН ТААНЫШУУ
22-июндан 23-июнга караган түнү Айгерим экөөбүз чемодандарыбызды сүйрөп алып Бишкектен Алматыны көздөй жөнөп калдык. Алматыда бизди “Тез Тур” компаниясынын гид-узатуучусу тосуп алып, Антальяга ке­түү­чү учакка отургузду. Беш сааттан кийин учактын капитаны “Антальяга кош келиңиздер!” деп кайрылды. Мени Түркиянын босогосу эле таңкалтырды. 1996-жылы курулган жана Европадагы эң ири аэропорттордун тизмесинде 25-орунду ээлеген Анталья эл аралык аэропорту жылына 15 миллион жүргүнчүнү тейлейт экен. Анын аянтына күнүнө 200 учак конуп, 200 учак учуп кетээрине да таңкалбай койбойсуң. Бул аэропорттон да бизди гид тосуп алып, отелге, Чамюва аймагына кетүүчү автобуска отургузду.
Эки сааттык аэропорт-отель жолунда гид меймандарды мүмкүн болушунча зериктирбегенге аракет кылды. Мисалы, ар бири 150 метрлик болгон эки тоннель жөнүндө айтып берген кызыктуу уламыштары эсимде калыптыр. Биринчиси болгон “Кыялдар” тоннелинин тарыхы мындайча экен. Илгери бир бай: “Мени ким таңкалтырса, кызымды берем”,- дептир. Тоонун аркы жагында жашаган бир жигит кызды сүйгөнү үчүн тоону тешип өтүүнү чечкен. Акыры тоннель казып чыгып, кыз экөө бактылуу өмүр сүрүп, бир күндө өлүшкөн экен. Жигит казган тоннель азыр да керемет күчкө ээ тура! Ал аркылуу өтүп баратып көздү жуумп, алакан жайып, анан тоннель бүткүчө дем албай туруп ичинен кыял айтса, сөзсүз түрдө орундалат имиш. Биз да тоннелден өткөнчө жымжырт отуруп, дем албай туруп кыялдарыбыздын орундалышын тиледик.
Ал эми экинчи тоннель “Күнөө­лөр тоннели” деп аталат экен. Уламышта бул тоннелде эки периште жашаары айтылат. Алардын адамдардын күнөөлөрүн өздөрүнө сиңирип алган касиеттери бар экен. Бирок, периштелер ушунчалык жалкоо болгондуктан, тоннелдин ичинде уктай беришет имиш. Күнөөлөрдү өткөрүп берүү үчүн аларды ойготуш керек да! Бул жолу жүргүнчүлөр кыйкырып, буту менен жер тепкилеп, алакан чаап, иши кылып болушунча ызы-чуу жаратканга аракет кылышты. Тоннелден чыкканда гид: “Ай-ий, баарыңар чоң күнөөкөрлөр турбайсыңарбы!”- деп тамашалады.
Ошентип, эки сааттын кантип өткөнүн билбей Чамювага, “Блау Химмел” отелине кирип келдик. Жайгашып алган соң дароо бассейнге бой таштадык. Көнгөн жаным жөн отурбай отелдин короо-жайына көз салып, меймандар менен четинен таанышууга өттүм. Арасында 80 пайызы орустар, калгандары немис, латыш, румын, казактар, түрктөр экенин билдим. Кээси достору, кээси үйбүлөсү менен 7, 10, 15 күнгө эс алууга келишиптир. Көпчүлүгү – “Тез Турдун” кардарлары.
Отелдин ээси мурун аскердик кызматты ээлеген Ирфан Каракаш аттуу адам экен. “Өзүм Германияда турам,- деп сөз козгоду ал,- Бул жакта виллам бар. 2002-жылы бул отелди куруп жатканда тегеректе жалаң апельсин талаалары бар эле. Туризм цитрус мөмөсүнө караганда көбүрөөк пайда алып келээри билингенде бактардын баары кыйылып, 6 жыл ичинде силер көргөндөй мейманканалар жайнады. Ошондо “Антальяда асмандан башкасынын баары өзгөрөт тура” деп ойлоп, отелдин атын “Блау Химмел” – “Көк асман” деп койдум. Кызматкерлеримдин эң аз маянасы – 600 доллар. Жакында силер жакка барып, өлкөңөр менен жакындан таанышайын деген оюм бар”.
Отелден сырткары белгилүү “Vo­dafon” телефон түйүнүн башкарган, бирок, өтө жөнөкөй адам менен таанышканыма кубансам да, кыйын бизнесмен эми Кыргызстанга да көз артып жаткандай туюлуп: “Биз меймандоспуз, бирок, чет элдиктерге жер бербейбиз!”- деп дароо эскертип койдум.

Эстен тандык...
2-КҮН. ХАМАМ – ТҮРК МОНЧОСҮ
Ар бир отелде “Тез Турдун” 3 гиди жүрөт. Аларга бутуңа тикенек кирсе да кайрылсаң, маселени тез арада чечүүгө аракеттенишет. Ошентип, биздин отелдин башкы гиди Олег бир жуманы болушунча көңүлдүү өткөрүү үчүн экскурсиялар жана кызматтар тизмесин сунуштады. Анын ичинен өзүбүзгө жана чөнтөгүбүзгө жаккандарын тандап алдык. Мен дароо эле кечкисин түрк мончосуна барууну чечтим. Себеби, бул кызматтын жөн гана жуунуу эмес, өзүнчө чоң искусство экенин мурун уккан элем.
Мени тейлеген Наталья Германиядан келген орус экенин, бул жакта жолдошу экөө сезон учурунда келип иштээрин маек учурунда билдим. Жуунуп бүткөн соң “рахмат!” деп эшиктен чыгып баратып башымдын тегеренгенин сездим да, “мен азыр кулайм” деп эскертип, эсимди жоготуп коюптурмун. Ойгонсом, Наташанын күйөөсү Виктор бетимди чапкылап “всё нормально?” деп сурап жаткан экен. Дагы эки адам мени тегеренип жүрүшөт. Хакан буттарыма муздак суу төгүп, Юсуф чуркап барып бир стакан суу алып келди. Төртөө тең чочуп алышкан. “Бардыгы жайында” дейин десем, алым жок, ичимден “мейли, страховкам бар да, бир аз эркелейин” деп жөн койдум. Хакан: “Карпуз? Су? Чай?”- деп оозума кашык менен дарбыз берип жатты.
Кардарга бир нерсе болсо, Хакан баш болуп башкалар жумуштан айдалып, же болбосо менин ордумда чатагыраак бирөө болсо, айып төлөп калаар эле. Ошентсе да андай ойлорду айдап, “булар жөн гана мага кам көрүп жатышат” деп ойлогум келди. Эртеси меймандар да, кызматкерлер да “хамамда эсин жоготкон журналист сенсиңби?” деп сурап жатышты...

Конкурста жеңүүчү болдук...
3-КҮН. МИҢ БИР ТҮН
Биринчи экскурсияга Кемер районунун башка аймагы – Белдиби айылына бардык. Белдибиде түрк музыкасы, фольклору, салттары, бийлери менен тааныштыра турган түрк кечеси болду. Туристтер үчүн чыгыш өлкөлөрү бирдей эле дегенсип, кечени “Миң бир түн” дешет экен. Адегенде сахнага актёрлор чыгып, түрктөрдүн үйлөнүү тоюн чагылдырган чакан спектакль коюп беришти. Андан соң түрдүү элдик бийлерин жана кеченин негизги номери болгон эркек жана аялдын чыгыш бийин сунушташты.
Орусча, англисче, немисче сүйлөп, жадакалса кыргызча бир эки сөз билген алпаруучу коноктор арасында чыгыш бийи боюнча конкурс жарыялады. Кыргызстандын атын коргоо үчүн эки орусиялык, эки украиналык кыз менен чогуу сахнага чыктым да, жеңип алдым. Алпаруучу мага: “Кандай, жакшиби?”- деп жылмайып койду. Жеңишин үчүн кооз ваза белек кылышты, ордума келип карасам, анын ичинде түрк шарабы бар экен. Кече сыртта уланып, туристтер оттон секирип, “халай” деп аталган түрк бийин бийлешти.
Түрк кечеси башталаарда залды улуттук кийим кийген адам кыдырып жүргөн. Көрсө, ал эл менен сүрөткө түшкөн атайын фотограф экен. Чакырбаса да барып, сурап-этпей эле сүрөткө тарта берет экен. Бизди да тартып кетти. Анан эң кызыгы, кече бүткөндө эшикке чыксаң, сенин жакшынакай сүрөттөрүң кооз рамкаларда, брелоктордо, сааттарда, жаздыктарда, футболкаларда, тарелканын бетинде дапдаяр болуп туруп калат. Бир жарым сааттын ичинде сүрөттөрдү чыгарып, чаптап чыгышат экен да, “хади, хади! 10 доллар, 20 доллар” деп сатышат экен. “Тобо!” деп элдер алып жатышат. Ар бири жок дегенде бир сүрөт алса эле жалпысынан 1500 миң доллар түшөт экен. Аңгыча фотограф Орхан бей менен уулу Мехмет: “Кыргызстандан келген турбайсыңарбы. Бизде Назгүл Күрүчбекова деген кыз иштейт. Кааласаң, базар күнү биздин үйдө жолугуштурайын, конок болуп кеткиле”,- деди. Алгач “Түркияда иштеген көп сандаган кыргыздын бир өкүлү кызыктуу маалымат берээр” деген ой менен макул болдук. Анан сураштырып отуруп бул жакта уулу экөө гана жашаарын (анын уулу экенин Кудай билет), Назгүл Күрүчбекова такыр эле башка шаарда экенин билип шекший баштадык да, тааныбаган кишинин үйүндө конок болгондон баш тарттык.

Жыргадык...
4-КҮН. ТҮРКИЯДАГЫ ЭҢ ЧОҢ АКВАЛЕНД
Дельфинарийи бар аквалендди бизге “Түркия боюнча эң жакшысы” деп макташты. 20 миң 200 чарчы метр аянтты ээлеген аквалендде ар кимдин табитине жараша 10 түрдүү горка бар экен. Мындан сырткары, акваленддин аймагында жасалма шаркыратмалуу бассейн, кичинекейлер үчүн бассейн, жакузи-бассейн жана эң кызыктуусу, толкундуу бассейн орун алган. Ал деңиз сымал жээктүү жана жарым саат сайын кадимки деңиздегидей толкундап турат экен.
Ал эми дельфин-шоу жүрүшүндө Суэрра жана Алиша аттуу эки дельфин сүрөт тартып (оозуна калемди тиштеп), ал сүрөт аукциондо сатылат экен. Биз барган күнү 10 долларга бааланган сүрөттүн баасы көтөрүлүп отуруп 200 долларга сатылды. Программанын аякташында дельфиндер менен сүрөткө түшүп (30 доллар), алар менен чогуу сүзүүнү каалагандар (90 доллар) кезеккке тизилишти. “Мына, акча тапканды ушулардан үйрөнүш керек” деп ойлодум. Албетте, бул жерде да сурабай эле сүрөтүңдү тартып жаткан фотографтар, операторлор жүрдү. Чыгаарда эле сүрөтүң менен дисктер дапдаяр!

Акча короттук...
5-КҮН. КЕМЕР ШААРЫНЫН БАЗАРЛАРЫ
Жаңы буюм, белек, сувенир алган­ды ким эле жакшы көрбөйт? Муну жакшы билген түрк туугандарыбыз атайын жалданган долмуш (маршрутка) менен Кемердин эң чоң деген соода борборлорун кыдыртышты. Тери, булгаары борборлору, зергер үйлөрү, текстиль... Ар бир дүкөндө сени кучак жайып тосуп алышат, төргө өткөрүшүп, чай куюп берип, анан “түлкү жакалуубу же анаконданын терисиненби, персид паластарыбы же түрк килемиби, бриллианты менен шакекпи же берметиненби?” деп экөөлөп-үчөөлөп тейлейт экен. “Эртең дагы келебиз” деп эле кутулуп жаттык.
Өзүбүздүн отелден алыс эмес жайгашкан базарга дээрлик күн сайын барып атып көзүбүз тойбоду. Эң популярдуу сувенирлер – түрктөрдүн көк түстөгү көз мончогу, жоолуктар, жаздык тыштар, хамам (мончо) үчүн керектелүүчү комплекттер... Гид эскерткендей, түрктөр соодалашканды жакшы көрүшөт экен. Андыктан, “10 доллар” десе, “5 доллар” деп, “тамам, 8 доллар” десе, “тамам, 6 доллар” деп ар бир буюмдун баасын ары чоюп, бери чоюп атып акыры алчубузду алдык. “10дон 6га түшүрдүк” деп биз жыргасак, “3 долларлыкты 6га саттым” деп алар кудуңдаса керек...

Күнгө күйдүк...
6-КҮН. ЖЕРОРТОЛУК ДЕҢИЗИНИН КОЮНУНДА
Кемер районунун борбору болгон Кемер шаарында Жер Ортолук де­ңизинин жээгиндеги эң чоң порттордун бири болгон “Марина” портуна алып барышты. Чоң-кичинесин кошуп болжолдоп эсептесем, 500гө жакын яхта жээкте калкып, өзүнүн кезектеги жүргүнчүлөрүн күтүп турган экен. Биздин топ “Ясемин” деген 120 кишилик яхтага түштү. Бул экскурсиянын да кызыктуу программасы бар экен.
Адегенде “Ясемин” Александр Македонскийдин булуңуна жакын барып токтоду. Бул жерди гид “улуу башчынын резиденциясы” деп тааныштырды. Кызыгы, Жер Ортолук деңиз күн чыгып жана батып жаткан учурда түсүн өзгөртүп, көк-жашылдан агышка айланып турат. Мындайда деңиз горизонтто асман менен куюлушуп, алыстагы кемелер кайып болгонсуп көзгө көрүнбөй калат экен. Учурунда Македонский да деңиздин бул өзгөчөлүгүнөн пайдаланып жортуулга таң эрте же күн батаарда чыкчу тура. Ушундан улам Жер Ортолук деңизи түркчө “Акдеңиз” деп айтылат.
Экинчи аялдама – Клеопатра булуңу. Мында чоң жарды белгилүү бир бурчтан караса, улуу ханышанын жүзү көрүнөт экен. Булуңдун өзгөчөлүгү – мында келип сууга түшкөндөр 7 жашка жашарат имиш.
Дароо жапжаш болуп калган яхтанын экипажы эми үчүнчү аялдама – Бейиш булуңуна келди. Бул жолу да түрктөр мени таңкалтырды. Жөнөкөй эле булуңду “Бейиш булуңу” деп атап, туристтерди кызыктырыш үчүн ал жерди сонун уламыштар менен байланыштырып, жадакалса “бул жакта Адам ата менен Обо эне сууга түшүшчү” деп айтуудан да жазганышпайт экен. Азаматтар, ойдон чыгарса да ошентип атып дүйнөдөгү эң чоң туристтик жайлардын бири болуп, анын аркасынан өлкөсү байып келатпайбы.

Коштоштук...
7-КҮН. ЖАКШЫ КАЛ, АНТАЛЬЯ!
Өзгөчө эс алуубуз аяктаганына мен кубансам (үйдү сагынган үчүн), Айгерим эч кеткиси келбеди. Тез эле тил табышып алган досторубуз менен коштошуп, акыры үйгө кайттык. Кыргызстанга кайтып келатканда “Мейли, Антальянын тоолору бийик, бирок, Алатоодой мөңгүлөрү, таза суусу жок. Мейли, түрк түндөрү шаңдуу өтөт, бирок, жылдыздары биздикиндей жакын эмес. Мейли, алардын эң аз маянасы 600 доллар болсун, Кыргызстандын келечеги али алдыда!” деп ойлодум.


«Супердин» сулуусу Айгерим: «КЕРЕМЕТ ТҮШ КӨРГӨНДӨЙ БОЛДУМ»
– Айгерим, “Кыргызстан Обондорунун” ди-джейлери “сиз Түркияга барбай калдыңыз” деп тамашага салган экен. Кандай абалда калдың эле?
– Эч нерсе сүйлөй албай эле трубканы апама кармата салып, ыйлай баштадым. Апам да: “Силердин минтип кызымдын шагын сындырганга акыңар жок! Анда адилетсиз чечим чыгарып, байгени өзүңөрдүн кызыңарга бергени жатасыңар!”- деп урушуп жатты. Бир топ жини келгенден кийин ди-джей мунун баары тамаша экенин айтса, мен сүйүнгөнүмдөнбү, же таарынып ызаланганымданбы, кайрадан ыйлап кирдим да, эптеп өзүмө келдим.
– Буга чейин үйдөн мынча алыстабасаң керек...
– Ооба, бул – биринчи чоң саяка­тым. Паспортту жаңы алганда “эми бет­тери качан толот?” деп сар­са­наа боло берчү элем. Буюрса, “Супер-Инфо” жана Кылычбек Камчиевич белек кылган жолдомо акжолтой болуп, чет өлкөгө дагы чыгаармын.
– Анталья жактыбы?
– Албетте! “Мен чын эле Антальяга баратамбы?” деп ишенбей, учак Түркияга конгондо гана кыялымдын орундалганына ишендим. Антальяда өткөргөн жети күн азыр мен үчүн керемет түштөй сезилип жатат. “Супер-Инфонун” бул белегин эч унутпайм.


Түркия жөнүндө жалпы маалымат
Борбору – Анкара
Жалпы аянты – 815 чарчы чакырым. Азия, Европа, Африка кон­­тиненттеринин кесилишинде жайгашып, Кара, Эгей жана Жер Ортолук деңиздери менен курчалып турат.
Калкынын саны – 70,5 миллион. 90 пайызы түрктөр, калганы – күрттөр, арабдар, гректер, жөөт­­төр, армяндар.
Мамлекеттик тили – түрк тили, жазууда латын алиппеси колдонулат.
Дини – Ислам
Акча бирдиги – жаңы түрк лирасы жана куруш (тыйын). 1 ЖТЛ – 30 сомго барабар.
Сааты – Бишкек убактысынан 3 саат артта.
Эң көп колдонулган шаар транспорту – долмуш (маршрутка). Туристтер көп учурда такси жалдаса, чамювалыктар жер скутерин көп колдонушат.
Түркия мамлекети быйыл 84 жылдыгын белгилөөдө.
Биз эс алган Чамюва аймагы – Түркия мамлекетинин Анталья облусунун Кемер районунда орун алган чакан аймак. Калкынын саны – 118 миң адам.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан