Лос-Анжелестин прокуратурасы 24 жаштагы америкалык актриса Линдси Лоханды уурулук үчүн айыптоодо. Актриса Венис-Бич шаарындагы зер буюмдары сатылуучу дүкөндөн 2500 долларлык асем буюмду уурдап кеткендиги айтылууда. Айта кетсек, үч жыл мурда ал мас абалында автоунаа айдагандыгы үчүн кармалып, бир сутка камакта отуруп чыккан.