Леди Гага жылдын мыкты ырчысы деп табылып жана "Fame Monster" альбомундагы вокалдык чеберчилиги үчүн “Грэмми” сыйлыгына татыды. Бул айым Жастин Бибер, Кэти Перри, Сьюзан Бойл, Жон Майер сыяктуу бир катар белгилүүлөрдөн сыйлыкты жеңип кетти. Ошондой эле "Fame Monster" аттуу ыр жыйнагы эң көп сатылып, ырчыны кубантууда. Ал жыйнак 6 миллиондон ашуун нуска менен жарык көргөн.