“Виа Гра” тобунун экс-солисти Анна Седокова 11-февраль күнү бизнесменге турмушка чыкты. Киевде өткөн тойго Анна менен Максимдин туугандары, достору гана катышышты. Ал эми нике шакегин бири-бирине тартуулачу романтикалуу учурда чакырылган коноктордун жарымы сүйүнүчтөн ыйлап турушту. Той аяктаган соң бал айын өткөрүүгө Бириккен Араб Эмиратына сапар тартышты.