Ырчылыкты аркалап жүрүшкөн белгилүү адамдардын киреше табуу жолдору ар түркүн. Кээбирлери той-топурларда ырдашса, башкалары тынымсыз гастролдошот. Дагы бирөөлөрү концерт берүү менен капчыктарын толтуруп келишет. Учурда кафе-ресторандарда ырдоо да – жылдыздар үчүн кирешелүү иштеринин бир булагы. Белгилүү ырчылардын кимиси кайда ырдаары тууралуу чакан макала сиздердин назарыңыздарда.
Бото көз ырчы Аида Кулуева «Дубовый парк» деп аталган кафеде күн сайын саат 19:00дөн 23:00гө чейин ырдайт. Аиданын бир ырды аткарышы 100 сомдон 300 сомго чейин, ал эми бир айда кафеде ырдап тапкан акчасы орто эсеп менен 500-600 АКШнын долларын түзөт.
«Атага кат» ыры популярдуу болуп, аны 5 жашар баладан тарта ырдап калган кезде Сапар Эркебаев «Восток+» аттуу кафеде ырдачу. Келген кардарлар чындыгында эле бул ырды Сапардын аткараарын билишпесе да, атайылап ушул ырды угуш үчүн күнүгө келгендери болчу экен. Бир жылга жакын убакыттан бери Сапар «Купола» деп аталган кафеде күнүгө 3-4 сааттан ырдайт. Ырчынын күнүмдүк гонорары 1000 сом, ал эми бир ырды 150 сомго аткарып берет.
Ырчы жигит Алекс жайкы сезондо Чолпоната шаарында жайгашкан “Рух Ордо” деп аталган маданий комплексте иштеп жатат. Муну менен бирге эле ал жерде жайгашкан “Зодиак” ресторанында келишимдик негизде иштейт. Алекс “Зодиакта” аптанын иш күндөрү кечкисин ырдайт. Бир ырды аткаруу баасы – 200 сом, ал эми келишимде көрсөтүлгөн төлөө акысын Алекстин продюсери гана билет.
Жаз ырчысы Айжан Газиева шаардын борбордук бөлүгүндөгү «Консул» ресторанында бир жылдан бери ырдап иштейт. Бирок, бул кызды аталган жайдан күнүгө көрүүгө болбойт. Анткени, Айжан «Консулда» чоң майрам, салтанат, тойлор болуп калганда гана келип, өз талантын тартуулап кетет. Мындай күндөрү ырчы бир кечке 250 доллар алат.
Жаш болсо да таланты жагынан башкалардан артта калбаган ырчы Ильяз Андаш «Консул» ресторанында кечки саат 7ден түнкү 2ге чейин дээрлик күн сайын ырдайт. Ырчы айлык үчүн иштейт, ал эми бир ырынын заказы 200 сом турат. Эң аз дегенде 3-4 ыр сураныч менен аткарылса, «жакшы болду» деген күнү сурануулар менен аткарылган ырлардын саны 30га жетет экен.
Шайыр ырчы жигит Кайрат Примбердиев шаардын түштүк четинде жайгашкан грузиндердин «Тбилиси» деп аталган кафесинде кечки 7ден 11лерге чейин ырдайт. Кокус бул жайга эс алганы кирип калсаңыз, Кайраттын кыргызча, орусча, англисче, грузинче ырларды созолонто ырдап жатканына күбө боло аласыз. Ырчынын бир ыры 200 сом турат. Ал эми жалпысынан алганда Кайрат Кудайга шүгүр эле табат экен.
Кыздардын жүрөгүнө чок салган Азиз Жетигенов жай башталгандан бери Бостери айылында күндүзү «Royal Beach», кечкисин «Прииск», түнкүсүн «G-Club» эс алуу жайларында иштеп жаткан кези. Бул жайлардагы иш акысы азырынча так белгилене элек, бирок, бир ырдын заказы 400-500 сомдун тегерегинде болуп жатат. Ал эми жайкы сезон аяктаган соң Азиз борборго кайра кайтып, мурун иштеп жүргөн “Карлсон” кафесинде ырдап иштөөнү улантмакчы.
Ирлан Таалайбеков “АВВАТ” деп аталган кафеде 6 айдан бери иштөөдө. Буга чейин Ирлан бир нече кафелерде ырдап жүрчү. Аталган жайда ырчы адатта кечки саат 6дан 11:30га чейин ырдайт. “АВВАТка” баш багып калсаңыз, Ирландын ар мезгилдин ырларын англисче, орусча, кыргызча аткарып жатканына күбө боло аласыздар. Бир ырдын аткарылышы 150 сом турат. Ал эми Ирландын тапкан кирешеси келген кардарлардын санынан көз каранды.
Даярдаган Махабат Догдурбекова