Аранжировкачы жана ырчы Жаныш Момунов 15-февралда 33 жашын белгиледи. Туулган күнүн тоого барып тосуп келем деген ою аткарылбай, жакындарынын курчоосунда кафеде өткөрдү.
Мажит эми олуттуу ырларды аткара баштады. Алсак, Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган “5-б класс” деген ырын кайрадан жаңыртып ырдап чыкты.
БҮГҮН...
KG Эльмурат түштүктү түрө кыдырып концерт коюуда. Алгач Аксы жергесинде ырчы жигиттин үч куудул досу менен биргеликте үнү жаңыра баштады.
Алпаруучу Назира Айтбекова кайрадан КТРКда. Эми “Бравону” же “Хитпарадды” эмес, “Замана” студиясында алпаруучулукту аркалайм деп турат.
ЭРТЕҢ...
Эмил Балтагулов, Жеңишбек Токтобеков, Аалы Туткучев ырчы болом дегендерге жана ырчыларга сынак жарыялашууда. Мухаммед пайгамбар тууралуу жакшы текстти обону менен алып барсаңыз, акчалай сыйлыктарга ээ болосуз.
Куудул Жаныбек Алыкулов уюштурган “Чоң куудулдар ордосу” деген борбор эми Коомдук биринчи каналда “Куудул отуруш” теледолбоорун улантат. Долбоордун максаты – жаңы таланттарды чыгарып, анекдот, сатира, монологдорду эл ичинен топтоп, автордун катышуусу менен элге жеткирүү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.