Ырчы Дилшат Кангелдиева жакында Түркияда өтчү “Нооруз” Эл аралык фестивалына чакыруу алды. Эскерте кетсек, ырчы 5 жыл мурун Анкара шаарында жеке концертин өткөргөн. Ал гана эмес, ошол концертти жергиликтүү телеканалдар байма-бай көрсөтүшкөн. Ошондон уламбы, айтор, ырчыны чакырышууда. Өз учурунда биз дагы талантка жетишкендиктерди каалайбыз.