“ОППОЗИЦИЯНЫН МАКСАТЫ – КАЛКТЫН КАМЫН ОЙЛОО ЭМЕС, БИЙЛИККЕ ЖЕТҮҮ”

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев менен блиц-маек

Оппозиция өкүлдөрү биригип, күзүндө кайрадан бийликке каршы митинг, акцияларга чыгышаарын жар салышууда. Атүгүл номер биринчи оппозициячы Өмүрбек Текебаев: “Оппозиция биригет дегенден бери акүйдө тынчтык жок”,- деп айтып өттү. Оппозициячылардын мындай жарыяларына жоопту президенттин жакын чөйрөсүндө жүргөн, акүйдөгү иштерден кеңири маалыматы бар Нурлан мырзадан алдык.

– Нурлан мырза, “күзгө карата даярдалып жаткан оппозициянын иш-аракеттеринен кооптонуп, акүйдө тынчтык жок” деген жарыяларды оппозиция өкүлдөрү байма-бай жасашууда. Андыктан, учурда акүйдө кайсы маселе күн тартибинде турганын, чын эле күзгө карай кооптонуунун бар-жогун билели дегенбиз...
– Биринчиден, азыр Кыргызстанга эң биринчи кезекте стабилдүүлүк, тынчтык керек. Өлкөдө стабилдүүлүк жок болсо, экономикалык өсүштү камсыз кылуу, азыркы азык-түлүк, энергетикалык тартыштыктан чыгып кетүү кыйынга турат. Элдин турмушу оңолсун, экономикасы өнүксүн деп мамлекетибизге жан күйдүргөн ар бир инсан бул маселени жакшы түшүнөт. Ал эми ар кандай шылтоолорду ойлоп таап, элди удургутуп, жыйынтыгында өзүнө саясый упай топтоону көздөгөн инсандарды мен калктын душманы деп айтаар элем.
– Кокус оппозиция тарабынан күзүндө чын эле чечкиндүү иш-аракеттер болуп кетсе, акүйдөн кандай жооп болушу мүмкүн?
– Күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот эмеспи. Бул шайлоо да партиялык тизменин негизинде өтөт. Балким, ушул шайлоолордон улам ар кандай шылтоо издешээри мүмкүн. Азыркы Жогорку Кеңештин курамын көргөн эл бизге чымындан пил жасап жиберүүгө эптүү, чуулгандуу парламент эмес, тынч, үзүрлүү иштеген парламент керек экендигин аңдап билип калды.
Оппозициянын кылаар иши ошол. Эл тарабынан унутула баштагандарын байкаганда ар кандай жарыяларды айтып, элдин көңүлүн бурууга аракет кылып чыгышат. Алардын түпкү максаты – калктын камын ойлоо эмес, бийликке жетүү.
– Президенттик шайлоого дагы эки жыл бар. Бирок, К.Бакиевдин айланасындагылар үгүт компаниясын эрте күндө баштап жибергендей болушту. Спикер Айтибай Тагаевдин Баткендеги кебине президенттин өзүнүн реакциясы кандай болду?
– Спикер “Курманбек Бакиевди келерки президенттик шайлоодо 95 пайызга колдоп берели” деп сүйлөдү деген кепти айтып жатасыз го. Чынын айтканда, ал кепти мен Айтибай Тагаевдин өзүнүн оозунан же расмий маалымат булактарынан уккан жокмун. Балким, спикер президенттин азыркы жүргүзүп жактан иштерин колдоо туурасында кеп кылгандыр. Аны айрымдар башкача түшүнүп же бурмалап алышкан окшобойбу. Шайлоого чейин дагы эки жыл бар. Ага чейин биз экономиканы ойлошубуз керек. Президент өзү деле “азыр биздин ойлоноорубуз – экономика жана да экономика” деп айтпадыбы. Учурда акүй да, министрликтер да кышка карай даярдык көрүүдө президент койгон орчундуу тапшырмалардын үстүндө иштеп жатышкан кези. Чынын айтканда, азыр акүйдө оппозицияны ойлоого чама жок.

Маектешкен Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 300, 1-7-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан