Ырчы Гүлзинат Суранчиеванын дагы бир таланты ачылып жаткан көрүнөт. Же сүйүү майрамына карата эле ырчыга эргүү келип кеткенби, айтор, “Сүйүү багы” деген аталыштагы чыгармасына музыка жаратты. Ырды жалгыз эмес, ырчы Гүлжигит Калыков менен чогуу ырдап чыкты. Ошондой эле жаз мезгилинде Гүлзинаттын жеке концертин да күтө берсеңиз болот.