Мирлан Баековдун “Ата тилеги” деген ырын сиз дагы уккан болсоңуз керек, замандаш. Дал ошол чыгармага ырчы клип тарттырган. Бирок толугу менен иштеп чыга электе пираттык дисктерге тарап кетти. Натыйжада көпчүлүк “ыры жакшы, клиби начар болуп калыптыр” деп сындоодо. Андыктан Мирлан максатына жетүү үчүн кайрадан сапаттуу клип тартам деп турган чагы.