“Нурлан Насип – менин досум. Анын аткаруусундагы “Унуталбайм”, “Жаштык кез” деген чыгармаларынын сөздөрүн жазууда менин да эмгегим бар” деп нааразы болгон Ильгиз Абдалиев аттуу жигит кеңсебизге келди. Көрсө, Нурлан Насип Мураталы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайында Ильгиз менен чогуу окуп, төрт жылдан бери дос экен. Аталган ырлардын сөздөрүн да экөөлөп, ал эми Нурлан менен Алихан ырдаган “Бийчи кызды” Ильгиз жазыптыр. Ырлары эл оозуна алына баштаган кезде негедир Нурлан досунун атын атоону унутуптур. Бул боюнча ырчынын продюсери: “Нурландын “Алданба” ырынын автору да табылууда. Шашылышта атын атабай жаңылыштык кетирдик. Авторду мындан ары атай жүрөбүз”,- деп билдирди.