Голливудда жомок тартуу модасы күч алды. Ушул эле жылы “Кар кыз” тууралуу жомоктор удаа тартылмакчы. Анын биринде каардуу ханышанын ролун Шарлиз Терон аткарса, экинчисин Жулия Робертс аткармай болду. Тасмаларды эки башка студия, эки башка режиссёр тартат. Учурда Жулия Робертс катышкан фильмди эртерээк тартып бүтүп, сатыкка чыгарууну көздөшүүдө.