Өткөөл мезгилде суу куйган оттой дымыган кино искусcтвосу эми жанданып жаткандай. Албетте, бул жагымдуу көрүнүш. Кезектеги «Жашоо кыска» тасмасы режиссёр Тынай Ибрагимовдун колунан чыга тургандай. Фильм Казакстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылмакчы. Бир канча жанрды ичине камтыган тасма “Кыргызтелефильм” менен биргеликте тартылат. Башкы ролдорду Румия Агишева, Бекзат Пирматов, Ашыр Чокубаев ойнойт.