АБАКТАГЫЛАР «МАНАСТЫ» ОКУШАБЫ?

Социал-демократтардан чыккан депутат Ирина Карамушкина абактагы кылмышкерлерди мажбурлап “Манас” эпосун окутуу керектигин айтты. Анын сөзүндө: “Окуучулар “Манасты” окугандан кийин транска түшүшөт. Эгер абактагыларды мажбурлап окутсак, алар тазаланмак”,- деп айтылат. Андан сырткары депутат асмандагы жылдыздардын бирине Манастын атын ыйгарууну сунуштады. Түрмөдөгүлөрдү коюп, депутаттарды мажбурлоодон баштасак жакшы болчудай.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Барс
2011-02-23 17:49:33
И. Карамушкина айымдын демилгеси колдоого татыктуу. Мында эки көйгөй турат:
1. "Манас" эпосун окуган (же уккан) адам өз деңгээлине жараша кабыл алат. Түрмөдөгүлөрдү терс каармандардын үлгүсүнө шыктандырып албайбызбы?
2. Чын эле депуттардын өздөрү бул залкар эпосту окуп, түшүнүштү бекен?
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан