КИМ КИМДИН КУЙРУГУ?

ЖКнын «Ар-намыс» фракциясынын комитеттик жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун менен депутат Дастан Бекешов кызуу талаш-тартышка түшүштү. Эл өкүлү “эмне үчүн комитеттин чечимдерин аткарбайсыз?” деп демитип, акыйкатчы болсо бул институтун көз карандысыз экендигин айтып, андан аркысы кайым айтышуу менен уланып кетти. Ал кезде жерден издегени көктөн табылып, депутат Турсунбай Бакир уулу Турсунбек Акунду “сен Бакиевдин куйругусуң. Бакиев кеттиби, сен да кетишиң керек” деп кекетип кирди.
«Минтип эл ишенген адамдар ким кимдин куйругу экенин териштирип отура берсе, өлкө кайдан алдыга жылмак эле?» деп баш чайкагандар көп.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kubanychbekkagan
2011-02-24 20:13:27
E uwul tursunbai bakir uluu menen tursunbek akundun adamdyk abiyiri bar boldu beken degi.Ayaldardan ayirmalari jok bolup kaldy.abysyn andywkan joo degendei ele bolup baratat bizdin sayasatchylardyn dengeeli.
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан