НАН БОЛСО, БААРЫ БОЛОТ ДЕЧҮ БЕЛЕ?..

Элге негизги керектүү азык-түлүктөр күн санап кымбаттап жатат. Тийиштүү мекемелер “баанын өсүшүн токтото албайбыз” дешүүдө. Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев: “Азыркы кезде негизги экспорттоочу өлкөлөрдө баалар өсүүдө. Бирок Казакстанда буудай 10 пайызга жогоруласа, бизде 50 пайызга өстү. Ортодогу соодагерлер өз ара сүйлөшүп алышкан”,- дейт. Бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, баалар мындан ары да өсүшү мүмкүн. “Ушуларды тескей албаган бийликти миллиарддаган сомдорду коротуп элибиз эмнеге багып жатат?” деген суроо туулат. 2009-жылы буудай баасы 6 сом болсо, азыркы кезде 16 сом турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан