Кыргызстандагы чиновниктердин20 пайызы гана киреше декларациясын тапшырган. Башкача айтканда, 266 чиновник гана өз байлыгын ачыкка чыгарды. Декларация тапшыруунун мөөнөтү 2011-жылдын 1-мартында аяктайт.
Ош облусунда үй куруу үчүн жер тилкесин алууга 65 миң адам арыз берген. Текшерүү учурунда алардын 20 миңи гана жер тилкесине муктаж экендиги аныкталган.
17-февраль күнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Октябрь Абдыкаимов дайындалды.
“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузуу маселесин көтөрүп чыкты.
Жазгы талаа иштерине мамлекеттик резервден дыйкандарга 5 миң тоннадан 10 миң тоннага чейин буудай берилмей болду.
Орусиянын Алтай Республикасынын Тоолуу Алтай Мамлекеттик университетинде кыргыз тилинин факультети ачылат.
ЖКнын депутаттык комиссиясы “Альфа Телеком” ЖАКынын 100 пайыз акциясын мамлекетке караштуу жаңы түзүлө турган ишканага өткөрүп берүүнү өкмөткө тапшырды.
Нарын облусунун жаңы губернатору Канатбек Муратбеков болду.
Экс-министр Рыскелди Момбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
Сокулук РИИБинин кызматкерлери 14-февраль күнү жол тосушуп, иштен алынган жетекчиси Рыскул Жапаркуловду ордуна коюуну талап кылышты.
Ормон Шаршенов Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башчысы болуп дайындалды.
“Ак жолдун” экс-депутаты Ажибай Калмаматов Кыргызпатент мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды.
Апрель айынын башында Кытайдан 250 жаңы трактор келип түшөт. Бул тууралуу Айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.