ТАЛАСТЫК ЭЛЕ ЭМЕС, ЖАЛПЫ КЫЗДАРДЫ ТАМШАНДЫРГАН КОНЦЕРТ

Концертти дасыккан алып баруучуга айланып бара жаткан Алексей Филатов менен “Кыргызстан обондору” радиосунун ди-джейи, Мирбектин досу Чыңгыз Мырзаев ачты. Бири орусча, бири кыргызча сүйлөгөн бул экөө сахнага чыкканда эле куйкум сөздөрү менен залды күлдүрүп, элдин маанайын көтөрүп алышты.
“Жаш кыял” бий ансамблинин көңүл кубантаарлык бийи залдагылардын эч кимисин кайдыгер калтырган жок. Ийиктей чимириле бийлеген кыздар ийилип, сахнанын артына кирип кеткенден кийин дүркүрөгөн кол чабуулар көпкө чейин токтогон жок.
Ошентип, 3-4 номерден кийин таластык кыздардын эле эмес, башка кыздардын да кызыгуусун жараткан Мирбек Иманбеков татынакай форма кийип сахнага чыга келди. Ушуну эле күтүп турган залдагы Мирбектин күйөрман кыздары бир толкуп алышты. Кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар... Фотоаппараттарын, соткаларын көтөрүп чуркаган кыздар коопсуздук кызматкерлери алдын тоскондоруна карабай жан талаша сүрөткө тартып жатышты. Ал эми сахнадан түшүп, элди аралап ырдаганда алдында эки, артында эки жигит кайтарып баратканына карабай Мирбек кыздардын курчоосунда калды. Сүйгөн ырчысынын колуна колдорун тийгизип калууга ашыгышкан кыздар колдорун созуп, бири-бирин тебелеп, алдыга умтулуп жатышты. Баарынан кызыгы, ошол кыздардын арасынан көзү­нөн жаш чуурутуп ыйлап жаткандарына да күбө болдук. Анан ырынын аягына чыгып, ийилгенден кийинки Мирбектин гүлгө оролгонун көрө бериңиз.
Мындан кийин Мирбектин сахналаш достору кезек менен чыга башташты. Султан, Урмат, Ильяз, Мирбек... деги койчу, кыскасы, бул концертте ырчылардын көптүгүнөн баш адашты. Алардын ар бири сахнага чыккан сайын зал кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алып жатышты. Сүйгөн ырчыларынын баарын бир сахнадан көрүп, күйөрман кыздардын моокумдары бир канды окшойт.
Бул концертте Мирбектин “Делбирим” тобу менен аткарган “Сөздөр”, Султан, Акбар, Чыңгыздар менен аткарган “Кыргызстан” аттуу жаңы ырлары мактоого арзырлык чыгармалардан болду десек жаңылышпайбыз.
Залдын жасалгасы жөнүндө айтак, сахнада илинген “Мирбек” деген күйүп-өчүп турган жазууга, залга ар кандай түскө бөлөп кооздук берип турган лампаларга жана башка декорацияларга бир топ каражат сарп­­талга­ны байкалды. Мына ушул кооздуктар концертке келген элдин маанайын андан бетер көтөрүп турду.
Концерттин биринчи күнү да, экинчи күнү да залга батпай, билеттерин кармаган бойдон сыртта калып калгандар болуптур. Ал эми концерт бүткөндөн кийин да ошол жерди айланчыктап, кетпей жүргөн топ кыздарга жолуктук. Канча болсо да күтүүгө даяр турган тайманбас ал күйөрмандар сүйүктүү ырчыларынан автограф алышып, анан гана көңүлдөрү тынчып тарашты.

Толик

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 191, 30-июнь-6-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан