Режиссёр Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» аттуу тасмасы КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты деп саналган тасмалардын ичине кирди. Бул «Биздин классика» аталган жыйнакка кирген биринчи кыргыз тасмасы экенин эскерте кетели. Тасма 1966-жылы тартылып, кыргыз элинин жашоосу сүрөттөлүп, өз учурунда эң жакшы наамдарга ээ болгон.