«SUPERSTAR» СТАРТТА

«Тумар» радиосу уюштуруп жаткан «Superstar-2011» долбоорунун финалдык концерти 27-февралга белгиленип, жаш ырчылардын өнөрлөрү калыстардын сынына коюлганы турат.
«Тумар» радиосу «Еkarecords» студиясы менен биргеликте жаш таланттарды колдоо максатында «Superstar» долбоорун улантууда. Эске сала кетсек, долбоордун биринчи сезону былтыр өтүп, жеңүүчү катары «Non-stop» дуэти табылган. Учурда жаш таланттар концертке кызуу даярданышууда. Долбоордун быйылкысында өзгөчөлүк бар. Тактап айтканда, сахна көрүүчүлөрдүн көз алдында тегеренип турат. Ошондой эле катышуучулар жалаң гана жандуу үн менен обон созгону турушат.
Катышуучулардын талантын шарт боюнча калыстар тобу таразалап, татыктууларга 1-2-3-орундар ыйгарылмакчы. Ал эми калыстар тобунун мүчөлөрү кимдер болору азырынча сыр боло турсун. Жаш таланттарды продюсерлер Канат Култаев жана Динара Эсенгулова тарбиялап, сахнанын босогосун аттатышмакчы. Концерттин эки тизгин бир чылбыры «Non-stop» дуэтине тапшырылды. Ошондуктан жайлуу орундукта жандуу үн менен өтчү концерт көрөм десеңиз, 27-февраль күнү филармонияга келиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
anna
2011-02-28 22:43:48
нон-стоп мага жагат!!!!
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан