Футбол боюнча Орусиянын чемпиондугу башталбай жатып эле аябай жарнамаланууда. Жакында Рамзан Кадыров “Терекке” башкы машыктыруучулукка Рууд Гуллитти алып келди эле. Эми Махачкаланын “Анжи” командасына 2002-жылкы Дүйнө чемпиону, 37 жаштагы Роберто Карлос келип кошулду. Бразилиялык атактуу футболчу карьерасын “Анжиде” аяктамакчы. Негизи, футбол өнүгүп келаткан өлкөлөрдө атактуу футболчуларды чакыруу эчак эле модага айланган. Мисалы, кезинде Пеле да АКШда ойногон.