Орус эрени Фёдор Емельяненко бразилиялык Антонио Силва менен болгон мушташтан кийин спорттон кетерин айткан. Бирок арадан бир нече күн өткөндөн кийин өз мекенине кайткан Фёдор: “Жараткандын колдоосу менен мушташууну уланта берем”,- деди. Акыркы императордун карьерасын улантарын машыктыруучусу Владимир Воронов да тастыктады. Емельяненко 36 жолу эрежесиз эр мушташка чыгып, 32син жеңип алган. 3 жолу жеңилүү ызасын тартса, 1 беттеши жокко чыгарылган.