Атактуу филиппиндик мушкер Мэнни Паккьяону Ак үйдө АКШнын жогорку кызматтагы адамдары кабыл алышты. Барак Обама ага президенттик мөөр басылган саат белек кылды. Паккьяо америкалыктардын ажосун Шейн Мозли менен боло турган беттешине чакырды.
Айта кетсек, Паккьяо АКШнын Ак үйүнө чакырылган туңгуч Дүйнө чемпиону болуп калды. Кезинде легендарлуу Мухаммед Али да мындай сыйга арзыган. Бирок Али анда экс-чемпион болчу.