Бир бүркүм... АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА КӨКТӨМДҮ КҮТҮП...

КЕЧЭЭ...

  • “Ар бир айдын алтысы” долбоору менен куудулдар түштүккө концерт коюп кайтышты.
  • Акбар Сүйүнбаев туулган күнүндө суукта калды. Таластан кезектеги концертинен келе жатып машиналары бузулуп, туулган күнүнүн жарым убактысын кышкы суукта тосууга аргасыз болгон. Бактыга жараша, унаасы оңдолуп, кечинде борборго жетип, достору менен белгилөөгө жетишип калган.
  • Даниель 20-февралда 21 жашын белгиледи. “Стар-Дэнс” шоу-балетинин кыздары ырчы жашаган үйдүн эшигинин алдын ар кандай куттуктоолор менен кооздоп жагымдуу сюрприз тартуулашты.

БҮГҮН...

  • “Тумар” радиосунун декретке кеткен ди-джейи Бегайым Абдыкадырова Нарын жергесинде бешик той өткөрүп жүрөт. Ал эми сүйүктүү жумушуна жаз айларында кайтып келерин билдирди.
  • “Назик” бий тобу Коомдук телеканал менен биргеликте “Келгилечи, бийлейли” аттуу долбоордун үстүндө иштеп жатат. Ага актёрлор, ырчылар жана спортчулар эки-экиден жарышып бийлеп, кызуу даярдык көрүшүүдө.

ЭРТЕҢ...

  • 5 жылдык тарыхы бар «Браво» теледолбоору бул аптадан баштап “Mузобо” деген аталышта чыга баштайт. Бирок жаңы аталышка ээ болгон “Браво” форматын жана алып баруучуларын өзгөртпөйт.
  • 15-16-мартта “Досторго” тобу Улуттук филармонияда концерт берет. Ал эми бул топтун мүчөсү болгон ырчы Гүлзат Байзакова жеке чыгармачылык концертин май айында өткөрүүнү пландоодо.
  • Асел Турдалиева “Менин сүйүүм – музыка” деп аталган CD форматында альбом чыгарат. Ошондой эле кыш мезгили клип тартууга тоскоол болуп жаткандыктан, Асел айым жердин жашылданышын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.
  • Добр жакында орус, казак, уйгур жана түрк улутундагы тааныла элек, бирок таланттуу инсандарды чогултуп, алар менен биргеликте ырдайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан