14-Февраль – Сүйүшкөндөрдүн күнүнө карата Ош мамлекеттик университети “ОшМУнун идеалдуу түгөйү” деп аталган сынак уюштурган эле. Аталган окуу жайдын Тарбия иштери боюнча департаментинин директору Замир Бөжөновдун айтуусу боюнча, сынакка 7 түгөй катышып, алар 5 турдан өтүшкөн. 1-турда “Сүйүү жана тагдыр” сынагы болуп, анда катышуучулар алгачкы таанышууларын театрлаштырып көрсөтүшкөн. 2-тур – “Мыкты серенадада” түгөйлөр бири-бирине арналган сүйүү ырларын ырдашты. 3-турда махабаттарын ачык айтып билдиришкен. Ал эми 4-турда суроо-жооп сынагынан өтүшкөн болсо, 5-турда улуттук бий тартуулашкан. Жеңүүчүлөргө 5 күнгө Ысык-Көлгө эки кишилик жолдомо берилди. Ал гана эмес, Ош шаарынын белгилүү ресторандарынын биринде романтикалык кечки тамакка Лимузин менен барып көңүл ачып келишти.