Эркектердин майрамы өтүп, эми аялдардын майрамына карата 7-8-мартта Эрмек Нурбаев концерт койгону жатат. “Эрмек же ырчы, же бийчи болбосо...” деп ойлоп калдыңызбы? Бул концертти Эрмек досу Урмат Усенов менен биргеликте уюштуруп жатат. Концертке улуу муундун ырчыларынан Керим Турапов, Бек Борбиев, Ырыскелди Осмонкулов жана жаш муундун да каймактары катышышмакчы. Ал гана эмес, айымдар эки билет сатып алышса, ырлар камтылган диск белек катары колдоруна тиет экен. Мындан сырткары кызыктуу оюндар, жагымдуу ырлардын баары аялзатына арналарын айтат. Алпаруучулук милдетти Эрмек Бакыт Байсариев менен аркалайт.