Кесиби боюнча юрист болсо да, кино тармагында ийгилик жаратып келе жаткан актёр Мирлан Абдулаев эми продюсердин жардамчысы. Башкача айтканда, “Уурунун махабаты”, “Байланыш” жана башка тасмаларда роль жараткан Мирлан ырчыларга эмес, дагы бир тасмага продюсердин жардамчысы, аткаруучу режиссёру болууда. Ал жаштарга багышталган комедиялуу тасма “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” деген аталышта. Бул тасма март айында тартылып, бир айдан соң көрүүчүгө тартууланат.