Бир бүркүм... МАСАЛИЕВ 14 ЖЫЛГА КЕСИЛЕБИ?..

  • Үстүбүздөгү жылы Өзбекстан бааны арзандатканына карабай, жарандарыбыз үчүн жаратылыш газы арзандабайт. Газдын 1000 метр кубу 19 долларга арзандаган.
  • Бишкек шаарынын жашоочулары бир күндө 200 тонна нан жешет.
  • КРнын Мамлекеттик архитектура жана курулуш агентствосунун башчысы болуп Каныбек Нарбаев дайындалды.
  • 2011-жылы өлкөдө кант кызылчасы 3800 гектарга көбүрөөк эгилмекчи.
  • Быйылкы жылдын 1-февралына карата салык төлөөчүлөр мамлекетке 2 миллиард 13 миллион сом карыз.
  • 2011-жылы Кыргызстанда 14,3 миллиард килоВатт саат электр жарыгы өндүрүлмөкчү.
  • Мухамметкалый Абылгазиев Социалдык фонддун төрагалык ордуна барып отурду.
  • Криминалдык авторитет Камчы Көлбаевге издөө жарыяланганын президент Роза Отунбаева билдирди.
  • Апрель айында Апрель элдик ыңкылабынын 1 жылдыгы белгиленет.
  • Нарындык аксакалдар Роза Отунбаевадан президенттик шайлоого катышуусун өтүнүштү.
  • Аргынбек Малабаев “Улуттук компания “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
  • Болот Шер Көк бөрү федерациясынын башкы катчылыгынан ден соолугуна байланыштуу кетти.
  • Кыргызстанда жыл сайын 3500дөн ашуун өрт катталат.
  • Бишкек шаарындагы “Ош базарынын” айланасында жыл башынан бери 1920 жолу жол эрежелерин бузуу катталган.
  • Өлкөдө 22 миң трактор бар. Алардын 17 миң даанасы гана иштейт.
  • Экс-депутат Исхак Масалиевди мамлекеттик айыптоочу 14 жыл эркинен ажыратууну соттон өтүндү.
  • Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Марат Эшперов жана Виктор Иванов КРнын Башкы прокурорунун орун басарлары болуп дайындалышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан