Эсиңиздерде болсо, 2006-жылдын декабрь айында “Манас” аэропортунда жайгашкан америкалык авиабазада кылмыш иши катталган. Закари Хэтфилд аттуу эргул күйүүчү май ташуучу машинаны айдаган кыргызстандык Александр Ивановду атып өлтүрүп койгон. Ушул кылмыш иши боюнча АКШда тергөө иши жүрүп, Хэтфилддин үстүнөн сот болду. Бирок соттогу айыптоочулар “далилдер жетишсиз” деп, аны актап коюшту. Көз көрүнөө жоон моюндугун көрсөткөн америкалыктардын чечимине биздин бийлик үн катат болду бекен?