20 партиядан турган Кыргызстандын Жалпы улуттук партиялар конгресси коомдук негиздеги өкмөт жана парламент түзүштү. Көмүскө өкмөттүн премьер-министри болуп Аликбек Жекшенкулов шайланды. Бул өкмөт 15 министрликтен турат. Көмүскө өкмөт башчы: “Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон кийин элдин үмүтү акталбай жатат. Биз көңүл кош карап отура бербей, активдүү кадамдарга барууну чечтик”,- дейт.
Ал эми көмүскө парламенттин төрагасы Мухтарбек Өмүракунов болду. Көмүскө ЖК 60 адамдан туруп, негизги мыйзамдарды талкуулап, өздөрүнүн мыйзам долбоорлорун расмий ЖКга сунуштап турмакчы.
Бул жышаан бийликке жетпей калган партиялардын кыялын орундатууга болгон кадам окшойт. Же чындап эле алгылыктуу иштерди жасашабы? Жашай турсак, баарына чогуу күбө болобуз.