АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ТАКСИСТКЕ КОЛ САЛГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
17-февралда 22:00дө Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунан кавказ улутундагы 2 атуул такси тоскон. 20-25 жаштардагы ал экөө таксисттен аэропортко жеткирүүнү суранышат. Рулда Бишкектин 25 жаштагы тургуну, Фольксваген-Поло машинасынын ээси болгон. Сокулуктагы каналга жетпей жүргүнчүлөр таксистти уруп-согуп, муунтушат. Айдоочу алардын колунан чыгып кетүүгө жетишкен. Бирок эргулдар айдоочуну Жаңы-Пахта тарапка алып барышып, 4000 сомун тартып алышкан. Муунтуунун натыйжасында айдоочу акыл-эсин жоготкондо аны таштап, машинаны айдап көздөн кайым болушат. Кийинчерээк машина Бирлик айылынан өрттөлгөн абалда табылды.
Жабырлануучу эсине келген соң айылга жетип, анан туугандарына телефон чалган. Кийинки күнү таксист арыз менен милицияга кайрылган.
Оперативдүү издөөнүн натыйжасында Аламүдүн районунун 2 жашоочусу “кылмышка шектүү” делинип кармалды. Алардын бири мурун соттолгон.

МЕКЕНДЕШИБИЗ КЕМПИР ӨЛТҮРДҮБҮ?
Екатеринбургдагы мекендешибиз “киши өлтүрдү” деп шектелүүдө.
4-февралда Ангарск көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринен пенсионер аялдын өлүгү табылган. Соттук-медициналык экспертиза кемпир моюн-омуртка сөөгүнүн сынып кетишинен каза тапканын аныктаган. Бул факт боюнча иш козголгон.
28-февралда милиция “кылмышка шектүү” деп кыргызстандык 25 жаштагы жигитти кармады. Изилдөөдө кармалган жигит эшикти какканда, аны кемпирдин ачканы билинди. Жигит кемпирди тоноп, тактап айтканда, сыналгыны алып чыгып кетүүнү көздөгөн. “Кемпир каршылык көрсөткөндө, жигит аны муунткан” делүүдө. Жигит “мас болчумун, эмне кылганымды эстей албайм” деп көрсөтмө берүүдө.

ОКУУЧУ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН СТУДЕНТ КОЛГО ТҮШТҮ
2010-жылдын 29-октябрында Бишкекте окуучу кызды зордуктап кетүү фактысы катталган. Шаардын Октябрь РИИБи бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында 2011-жылдын 18-февралында Бишкектеги ЖОЖдордун биринин 2-курсунун студенти, 1992-жылы туулган К.Б. шектүү катары кармалды. Анын жанынан жабырлануучуга таандык чөнтөк телефон чыккан. Сурактын жүрүшүндө жабырлануучу өзүн зордуктаган жигитти тааныгандыгы белгилүү болду.

101 билдирет

1 СУТКАДА 12 ӨРТ КАТТАЛДЫ
Өрт коопсуздугу агенттиги 28-февралда өлкө боюнча 12 өрттүн катталганын маалымдады. Мисалы, Сокулук районунун Сокулук айылында Н.Досмамбетовго тиешелүү Форд-Транзис микробусунун капотунан белгисиз себептерден өрт чыккан. Мунун айынан микробус жарым-жартылай күйүп кеткен.
Бишкектин “Дыйкан” базарында белгисиз себептер менен бир контейнер өрттөнгөн. Натыйжада соода контейнеринин 5 чарчы метри ичиндеги товарлары менен кошо өрткө кеткен.

ЛИЦЕЙДЕН ӨРТ ЧЫКТЫ
Кадамжайдагы Кыргыз-Түрк лицейинде 27-февралда кечкисин өрт чыккан. Өрт 17:30дарда башталып, кечки саат 9дарда өчүрүлгөн. Өрт лицейдин жатаканасынын жанындагы спортзалдагы электр зымдарынан чыккан. Бул жатакана менен спортзалдын чатырынын жабыркоосуна алып келди. Окуучулардын эч кимиси жабыр тарткан эмес.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан