Казакстанда өткөн Кышкы Азиадада топ менен хоккей ойноо боюнча курама командабыз тарыхый натыйжага жетишип, коло медаль тагынышкан. Бирок хоккейчилерибизге өкмөт тарабынан убада кылынган сыйлык берилген эмес. Арадан 1 ай өткөндөн кийин абал кандай? Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Алмаз Касенов мындай дейт: “Хоккейчилерибизге сыйлык берүү маселеси дале ачык бойдон калууда. Өкмөт мугалимдер менен дарыгерлерге акча табуу менен алек. Спортчуларыбызга абал ачык айтылган жана алар “эгер акча берилбесе, таарынбайбыз” дешкен”.
Эске салсак, коло медаль үчүн командадагы 18 хоккейчинин ар бири 3 миң доллардан алмак.