«Лондон-2012» Олимпиадасынын Кыргызстан-Иран тандап алуу беттеши жылдырылбайт. Бул тууралуу КРнын ФФсы кабарлады. Эске салсак, «9-мартта Бишкекте өтүүчү жооптук беттеш кар жаап койгонуна байланыштуу жылдырылышы мүмкүн» деген маалымат тараган. Ал эми аталган өлкөлөрдүн олимпиадалык курама командаларынын Тегеранда өткөн беттешинде Иран 1:0 эсебинде жеңип чыккан. Андыктан минималдык эсепте жеңилүүгө аргасыз болгон мекендештерибиз атактуу атаандашын жеңүүгө катуу бел байлап жаткан кези. Машыктыруучу Мирлан Эшеновдун айтымында, командага Израилде ойноп жүргөн легионерибиз Мирлан Мурзаев жардамга келет.
Баарыңыздарды чоң футболго чакырабыз. Келгиле, курама командабызды колдоп берели.