Бир бүркүм... ЖАКУТ БИЙИККЕ «ШАТЫ» МЕНЕН ЧЫГАТ...

  • Гүлшайыр Садыбакасова 8-Март майрамына карата түштүктө “Кербен концерт” деген аталышта концерт уюштурууда. Ага ырчылар Алтынай Нарбаева, Саламат Садыкова, Эрмек Мойдунов жана Кутман Жолдошев катышат.
  • Мырзалардын майрамы – 23-Февралды утурлай ырчы Мелис Абдрашитов кыздуу болду. Ар дайым назик, жароокер жан болсун деп ымыркайга Айназик аттуу ысым ыйгарышты. Андыктан Мелис үчүн майрам аяктай элек.
  • Куудул Жакут Сыдыков “Шаты” деген куудулдар тобун түздү. “Бийиктикке чыгалы деген максатта “Шаты” деп атадым. Кыз-жигиттерден куралган бул топ бир гана куудулданбастан, ырчылык да өнөргө ээ” дейт, чиркин.
  • Ырчы Самат Дөөлөтбаков чыгармачылыктан алыстап, сахнадан көрүнбөй калган. Көрсө, банктагы ишин биринчи орунга коюп, акыркы үч айдан бери ырчылыгын таштап салыптыр. Бирок “жазда чыгармачылыгымды жандантам” деп турган кези. Ырчы сөзүнө турабы-жокпу, аны көктөмдө көрөлү.
  • Продюсер Ислам Сатаров башында турган ырчылар “Тынчтык үчүн ырдайбыз, таланттарды тандайбыз!” деген ураан менен Кыргызстандын облустарын кыдырышат. Бул курамда KG Эльмурат, Кумар Асанов, Элиза Орозова, Добр, Эрлан Андашев бар.
  • ОшМУнун 60 жылдык мааракесине карата “ОшМУ мырзасы-2011” сынагы өттү. Таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык жактан дем берүү максатында уюштурулган бул сынактын жеңүүчүсү деп Медициналык колледждин студенти Таалайбек Эшмурзаев табылды. Жеңүүчүгө Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан